Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:26

Илмиянов: Көкпардан жеңилгенибизге өкүнбөйбүз


Икрам Илмиянов.
Икрам Илмиянов.

Астанада көкпар боюнча өткөн дүйнө чемпионатында Кыргызстандын көк бөрү боюнча курамасы экинчи орунду алып калышы өкүнүчтүү эмес. Мындай пикирин өлкөнүн Көк бөрү федерациясынын президенти Икрам Илмиянов "Азаттык" радиосунун казак кызматына комментарий берип жатып айтты:

- Утулбай жүргөн команда же спортчу аз. Казактардын көкпар оюнунун эрежелери биздин көк бөрүдөн башкача болгонуна карабай, бул дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандыктар чеберчилигин көрсөтүштү. Максат орун алууда эмес, максат чеберчиликте. Оюнга катышуу өзү жеңиш. Айтылып жаткан божомол, калп сөздөрдүн баарына ар бир оюнчу кудайдын астында колдон келген чеберчилигин көрсөттү. Жеңиш казак туугандарда. Биз ага өкүнбөйбүз. Кудай буйруса, биздин команда жеңишке жетти деген ойдомун.

​Астанадагы көк бөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча алгачкы дүйнө чемпиондугунун финалында Казакстан менен Кыргызстан 27-августта беттешип, казактар 4:1 эсебинде жеңип алган. (SE)

XS
SM
MD
LG