Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:37

“Мемориал” орусиялык окумуштууну абактан бошотууга чакырды


Владимир Лапугин (оңдо)
Владимир Лапугин (оңдо)

Адам укуктарын коргоочу “Мемориал” уюму 77 жаштагы Владимир Лапугинди “саясий айыпкер” деп атоо менен аны абактан тез чыгарууга үндөөдө.

Космо боюнча изилдөөчү Лапугин былтыр сентябрь айында жашыруун материалдарды чет элдиктерге берди деген айып менен чыккынчы катары жети жылга түрмөгө кесилген. Окумуштуу өзү ага коюлган айыптарды четке кагып, жашыруун маалымат анда эч качан болбогонун билдирген.

Лапугин 2015-жылы май айында камалганга чейин Орусиянын космос агенттиги – Роскосмостун изилдөө бөлүмүндө иштеген. Ал акыркы жылдары Орусияда жашыруун маалыматтарды сатты деп айыпталган бир нече окумуштуу менен изилдөөчүнүн бири.

Бийликтин сынчылары ал окумуштуулар ачык булактагы маалыматтарды колдонгону үчүн эле куугунтукталганын, мындай сот иштери Орусиянын академиялык жамааты менен илимине көө жабарын айтып келишет. (UE)

XS
SM
MD
LG