Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Бишкек шаардык сотунда камактагы экс-депутат Садыр Жапаровдун арызы каралат


Камактагы экс-депутат Садыр Жапаровдун ишин кароону Бишкек шаардык соту бүгүнкүгө белгилеген. Бул тууралуу Жапаровдун адвокаттары “Азаттык” радиосуна билдиришти.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2-августта Садыр Жапаровду Кылмыш кодексинин 113 (адам өлтүрүүгө аракеттенүү), 341 (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү) жана 234 (бейбаштык) беренелери боюнча толук актап, 227 (бийлик өкүлүн барымтага алуу) беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Аны 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Жапаров сот чечимин бийликтин буйругу деп атаган, адвокаты Бишкек шаардык сотко кайрылган​. (NT)

XS
SM
MD
LG