Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Бишкектеги эне өлүмү боюнча комиссия түзүлдү


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги №4 төрөт үйү -перинаталдык борбордогу эне өлүмүнүн себептерин иликтеп жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, төрөттөн кийин каза тапкан келиндин өлүмүнүн чоо-жайын иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлдү. Кызматтык териштирүү да жүрүүдө. Эне өлүмүнүн себептери иликтөө бүткөндөн кийин белгилүү болот.

Буга чейин 26 жаштагы Мээрим Дайырбекова аталган перинаталдык борборго 27-августта "Тез жардам" менен барганын, мөөнөтүнөн мурда эгиз уулдарды жарыкка алып келип, бирок төрөттөн кийин каза болуп калганын маркумдун жакындары билдиришкен. Алар Дайырбекованын өлүмүнө дарыгерлерди айыптап, муну алардын кайдыгерлиги, шалаакылыгынан көрүшкөн. Маалыматка караганда, ымыркайлар азыр төрөт үйүндө, вакуумда жатышат. Абалдары дурус.

Кыргызстандын башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашеванын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, 2016-жылы өлкөдө 48 эне өлүмү катталса, быйыл алты айда 22 эне төрөт учурунда же төрөттөн кийинки мезгилде көз жумган. Ал эми өткөн жылдын алты айында 28 эне төрөттөн каза болгон. (NT)

XS
SM
MD
LG