Адахан Мадумаров жана Эрнис Зарлыков 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкер болуп расмий каттоодон өтүштү. Борбордук шайлоо комиссиясы 30-августта ушундай чечим чыгарып, аларга "талапкер" деген күбөлүк ыйгарылганын БШКнын мүчөсү Назарали Арипов "Азаттык" радиосуна билдирди.
Мадумаров "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан талапкерликке сунушталган. Зарлыков өзүн өзү көрсөткөн.
Жалпысынан расмий талапкер болуп катталгандардын саны бүгүнкү күндө алты киши. Буга чейин Бакыт Төрөбаев, Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков жана Өмүрбек Бабановго күбөлүк берилген.
Алдыда дагы 18 кишинин документтери каралып, чечим чыгарылат. Акыркы тизме 9-сентябрда анык болот. Шайлоо 15-октябрда өтөт. (SE)