Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:00

Сербия менен Косовонун лидерлери Брюсселде кездешет


Александр Вучич (оңдо) жана Хашим Тачи
Александр Вучич (оңдо) жана Хашим Тачи

Сербия президенти Александр Вучич менен Косовонун лидери Хашим Тачи бүгүн Брюсселге келип, эки тараптуу алаканы жакшыртууну максат кылган сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү турушат. Ага Европа Биримдигинин тышкы иштер министри Федерика Могерини да катышат.

Могерини эки лидер менен 3-июлда бейрасмий форматта жолуккан болчу. Ал сүйлөшүүлөрдөн кийин Александр Вучич эки тараптын келечектеги карым-катышы тууралуу олуттуу сүйлөшүү зарылдыгын айткан.

Косово 2008-жылы Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялаган. Анын эгемендигин дүйнөнүн 114 өлкөсү тааныганы менен расмий Белград таануудан баш тарткан.

Калкынын басымдуу бөлүгүн албандар түзгөн Косового Батыш өлкөлөрү колдоо көрсөтөт. Сербия болсо Орусиянын өнөктөшү катары саналат. Бирок Александр Вучич Москва, Европа биримдиги жана АКШ менен алакасын тең салмактоо аракетин көрүп келет.

XS
SM
MD
LG