Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Орусия Түндүк Кореяга кошумча санкция киргизүүгө каршы


Жапониянын үстүнөн учуп өттү делген Хвасон-12 ракетасы.
Жапониянын үстүнөн учуп өттү делген Хвасон-12 ракетасы.

Орусия Түндүк Кореяга кошумча санкцияларды киргизүүгө же аскердик чараларды колдонууга каршы экенин билдирди. Андан мурда АКШнын өнөктөштөрү түндүк кореялык жумушчулардын Орусия менен Кытайда эмгектенишине чектөө киргизүү демилгесин көтөрүшкөн.

30-августта Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен телефондук сүйлөшүүсүндө расмий Пхеньянга кошумча чара көрүүдөн карманууга чакырды.

Түндүк Корея шейшембиде кайрадан баллистикалык ракетасын учуруп, ал ракета соңку сегиз жылда биринчи жолу Жапониянын аймагынан учуп өткөн. Андан соң АКШ президенти Дональд Трамп расмий Пхеньянга кошумча чаралар көрүлүшү мүмкүндүгүн ишара кылган. Британия менен Жапония болсо түндүк кореялыктардын чет өлкөдө эмгектенишине тыюу салган чараларды күчөтүү зарылдыгын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG