Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:24

Венгрия жана Словакия качкындарды кабыл алууга милдеттендирилди


Венгрия менен Сербиянын чек арасындагы качкындар лагериндеги балдар

Европа соту Венгрия менен Словакиянын качкындарды кабыл алуудан баш тартканын мыйзамсыз деп таап, арызын четке какты.

Будапешт менен Братислава биримдикке мүчө өлкөлөрдүн качкындарды кабыл алуу боюнча милдеттемесине каршы экенин билдирген. Европада мигранттардын кризисин чечүү үчүн аларды бөлүштүрүү программасы Брюсселде 2015-жылы кабыл алынган. Венгрия менен Словакиядан сырткары бул программага Чехия, Польша жана Хорватия каршы болгон.

2015-жылдын күзүндө венгр өкмөт башчысы Орбан Сербия жана Хорватия менен чек ара тилкесин тикенек зым менен тостурган. Үстүбуздөгү жылдын март айынан бери Венгрия Сербия менен чектеш аймактагы лагерден макамы каралып жаткан мигранттарды тышка чыгарбай кармап турат. Будапешттин мындай чечимин Улуттар Уюму жана укук коргоочулар сындашкан.

Мигранттарды бөлүштүрүү программасы боюнча Евробиримдикке мүчө өлкөлөр Греция менен Италиядан келген 120 миң кишини кабыл алууга милдеттүү. Бул программаны Германия, Франция, Швеция колдогон. Бүгүнкү күнгө чейин 28 миң мигрант жайгаштырылды.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG