Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:00

Евробиримдик орус расмийлерине каршы санкцияларды узартат


Элчи Анатолий Антонов
Элчи Анатолий Антонов

Евробиримдик орус расмий өкүлдөрүнө жана Украинадагы Москва колдогон жикчилдерге каршы санкцияны дагы алты айга узартат. Дипломаттардын айткандарына караганда, Орусиянын АКШдагы жаңы элчиси дагы тизмеде калышы мүмкүн.

Биримдикке кирген 28 мамлекеттин элчилери санкцияларды узартууну 6-сентябрда Брюсселде өткөн жыйында макулдашты. Мындай маалымат сүйлөшүүгө катышкан, атын атабаган дипломаттардын айтканынан улам белгилүү болчу.

Евробиримдиктин юстиция министрлери санкциялар боюнча акыркы чечимди 14-сентябрда кабыл алышы керек.

Дипломаттар Орусиянын АКШга дайындалган жаңы элчиси Анатолий Антонов дагы тизмеде экенин, аны алып салууну эч ким сунуштабаганын айтышат.

Мурдагы коргоо министри жана тышкы иштер министринин орун басары болуп кызмат өтөгөн, Евробиримдиктин жана Канаданын санкциялар тизмесине кирген Антонов 31-августтан тарта Вашингтондо жаңы кызматка киришкен.

Евробиримдик Украинанын аймактык бүтүндүгүнө шек келтирген деп айыпталган бир катар орусиялык аткаминерлердин банк эсептерин камакка алуу жана виза бербөө боюнча чектөөнү 2014-жылдын март айында киргизген. Алты ай сайын санкциялардын мөөнөтү узарып турат.

Санкциялар тизмесине Орусиянын вице-премьер-министри Дмитрий Рогозин, Путиндин кеңешчиси Сергей Глазев, Армиянын башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов, тележурналист Дмитрий Киселев кирген. Жалпысынан тизме 149 кишини жана 38 ишкананы камтыйт.

XS
SM
MD
LG