6-сентябрдан тартып, Ош облусундагы "Достук" чек ара бекети 24 саат бою иштөөсүн жандантат. Кыргыз-өзбек чек арасынан өтүү жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев аталган бекеттин ачылыш салтанаты учурунда билдирди:
- "Достук" чек ара бекетинин күнү-түнү иштөөсүн жандантуусу - кыргыз жана өзбек элдеринин тарыхындагы маанилүү учур болуп калды. Бул окуя эки өлкөнүн көп багыттуу кызматташтыгын жана достук-ынтымагын өнүктүрүүгө чоң түрткү болот. 2010-жылдан тарта аталган бекеттен өтүүгө тиешелүү сааттарда гана уруксат берилип келди. Анын үстүнө чек арадан өтүү үчүн бир катар документтер, чакыруу же телефонограмма талап кылынчу. Эми мындан ары эки өлкөнүн жарандары чек арадан кошумча документтерсиз, жөнөкөйлөштүрүлгөн шартта өтө алышат.
Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев чек араларды ачуу 5-6-сентябрда Кыргызстандын жана Өзбекстандын президенттеринин Бишкек жолугушуусунун натыйжасы болгонун баса белгиледи.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары 5-6-сентябрда болду. 5-сентябрда ал кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, кыргыз-өзбек кызматташтыгы тууралуу документтерге кол коюшту.
Тараптар кабыл алган документтердин ичинде “Чек ара өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө” өкмөт аралык документ, Жогорку Кеңеш жана Улуу мажилис ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум, Ош шаардык мэриясы менен Анжиян шаарынын акимчилигини ортосундагы келишим жана башка соода-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы меморандум-келишимдер бар.
6-сентябрда өзбек президенти кыргыз өкмөт башчысы жана Жогорку Кеңештин төрагасы менен жолугушту.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы 2005-жылы март жана Анжиян окуяларынан кийин жабылып, өтүү катаалданган. 2010-жылкы июнь коогасынан кийин чек арадан өтүү үчүн телеграмма, чакыруу сыяктуу кошумча документтер талап кылына баштаган.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда 15 чек ара бекети бар. Анын 11и автоунаа, төртөө темир жол чек ара бекети. Булардын ичинен үчөө аркылуу гана өтүүгө уруксат берилип келген. Алардын ичинен Баткендеги Кадамжай чек ара бекети аркылуу Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох, Шаймерден анклавдарына транзиттик жол менен товар ташылат. (ZKo)