Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Депутаттар табигый кырсык болгон айылдардын абалына тынчсызданды


Cузак району, Көк-Арт дарыясы (2017-жыл, апрель айы)
Cузак району, Көк-Арт дарыясы (2017-жыл, апрель айы)

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумундагы ар кандай маселелер учурунда бир нече депутат өлкөдөгү жаратылыш кырсыгы болгон айылдардын бүгүнкү абалына тынчсызданды. Эл өкүлү Советбек Нурматов Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагында бир нече үй-бүлө турак жайын сел алып кеткенине байланыштуу бүгүнкү күнгө чейин үй-жайы жок жүргөнүн айтты. Алардын арасында колунда жок, бир нече баласы менен жесир аялдар бар экенин депутат кошумчалады.

Ал эми эл өкүлү Тазабек Икрамов Сузак районунун жер көчкүдөн жабыркаган тургундарына жер берилип, бала бакча салынып жатканы менен таза суу маселелеси чечилбей калганына токтолду. "Эл кургак жерге көчүрүлгөнү туура эмес, өкмөт тез арада шарт түзүп бериш керек" деди Икрамов.

Быйыл жыл башынан бери Жалал-Абад облусундагы Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана Майлуу-Суу шаарында жер көчкү активдешип, 1000ден ашуун тургундар башка аймактарга көчүрүлүп жатат. (SDz)

XS
SM
MD
LG