Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:19

"Центерра" ийкемдүү боло баштадыбы?


Өкмөт тараткан маалыматка ылайык, Кумтөр кенин иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясы Жаратылышты коргоо боюнча фондго каражат бөлүүгө жана талаптарды аткарууга макулдугун берди. Компания төлөп берүүгө макул болгон каражаттар экологиялык чыгымдардын ордун толтура алабы, кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына канчалык туура келет? Бүгүнкү “Арай көз, чарай” берүүбүздөн ушул теманы кенен кеп кылабыз. Талкууга Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Улан Рыскулов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева жана экология боюнча эксперт Калия Молдогазиева катышты.

XS
SM
MD
LG