Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:59

Москва: Сирияда ИМдин төрт жетекчиси жок кылынды


Үч жыл мурда экстремисттердин карамагына өтүп кеткен Дейр эз-Зора калаасына өкмөттүк күчтөр ушул аптада киришти.
Үч жыл мурда экстремисттердин карамагына өтүп кеткен Дейр эз-Зора калаасына өкмөттүк күчтөр ушул аптада киришти.

Орусиянын Коргоо министрлиги маалымдагандай, Сириянын Дейр эз-Зора шаарындагы аба чабуулдардан "Ислам мамлекети" террордук уюмунун төрт аскерий жетекчиси жок кылынды.

Орусиянын маалымат агенттиктери министрликке шилтеме жасап, Сириядагы аба-чабуулдардан 40тай согушкер өлтүрүлгөнүн, алардын арасында террордук уюмдагы чет элдик жоочулар үчүн жоопкер Абу Мухаммад ал-Шимали да жок кылынганын жазышты. Ошондой эле өлтүрүлгөндөрдүн арасында Тажикстандын ИИМдин атайын бөлүгүнүн мурдагы командири жана “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун "согуш министри" Гүлмурод Халимов да бар экени айтылды.

Орусия Сириядагы аба соккуларын 2015-жылдын сентябрь айында баштаган. Батыш мамлекеттери Москванын чабуулдары террорчуларга эмес, Асаддын каршылаштарына жүргүзүлүп жатканын сынга алышкан.

XS
SM
MD
LG