Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:46

"Болотная иши" боюнча соттолгондордун бири Орусиядан чыгып кетти


"Болотная иши" боюнча соттолгон Иван Непомнящих 24-августта эркиндикке чыккан.
"Болотная иши" боюнча соттолгон Иван Непомнящих 24-августта эркиндикке чыккан.

Орусияда "Болотная иши" боюнча соттолгон Иван Непомнящих 7-сентябрда Орусиядан чыгып кетти. Бул тууралуу"Общественный вердикт" уюму маалымдады. Учурда Непомнящих Чехияда экенин, андан ары АКШга окууга кетүүгө ниеттенип жатканын уюм Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Непомнящих 2012-жылдын май айында Москванын Болотная аянтында өткөн нааразылык акцияда "полициячыларга кол көтөргөн" жана "жапырт башаламандыкка катышкан" деп айыпталып, эки жарым жылга эркинен ажыратылган.

30 айлык жаза мөөнөтүн 27 жаштагы инженер Ярослав облусунун №1 абагында өтөдү.

Ал быйыл 24-августта эркиндикке чыккан. Ушуну менен "Болотная иши" боюнча камалгандардын бардыгы жаза мөөнөттөрү аяктаганына байланыштуу абактан бошотулушту. Учурда үй камагында Дмитрий Бученков менен психиатриялык ооруканада жаткан Максим Панфиловдун сот иштери уланууда.

2012-жылдын жазында Владимир Путиндин экинчи ирет өлкө башчылыгына келишине каршы өткөн нааразылык акцияларында жалпысынан 400дөй адам камалган. Алардын 30дан ашуусуна кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 20дайы абакка кесилген.

XS
SM
MD
LG