Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:13

HRW БУУну Косоводогу азчылыктарга кенемте төлөп берүүгө чакырды


Косоводогу качкындар лагериндеги лөлүлөр 2012-жыл.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму БУУну Косоводогу 1999-жылдын соңунда Улуттар Уюмунун лагерине көчүрүлүп, коргошунга ууланып, анын кесептинен ушул убакытка чейин запкы тартып жүргөн лөлүлөргө жана башка азчылыктарга кенемте төлөп берүүгү чакырды.

HRW уюмунун маалыматына ылайык, 1998-1999-жылдардагы согуштан кийин Митворица аймагындагы үй-жайларын таштап кетүүгө аргасыз болгон 600дөй киши БУУнун лагерине көчүрүлгөн. Лагерь коргошун жана башка уулуу заттар менен аймакты булгап келген эски шахтанын жанында жайгашкан. Ал кезде ички качкындар бул жайда болгону токсон күндөй баш калкалары айтылганы менен алардын отурукташуусу бир нече жылга созулуп кеткен.

Human Rights Watch уюму ушул жайда 19 аял-эркек арасында сурамжылоо жүргүзүп, алардын үй-бүлө мүчөлөрү, анын ичинде отуздай бала коргошунга ууланганы аныкталганын билдирди. Алардын көбү ушул күнгө чейин бөйрөк оорулары жана эс-тутумун жоготуу менен жабыркап келишет.

Өткөн жылы Улуттар уюмунун эксперттери ошол кездеги БУУнун Косоводогу атайын миссиясы лагерде уулануу тобокелчилиги бар экенин билип туруп, качкындарды башка жакка көчүрбөй койгонун далилдеген.

Косоводогу Улуттар Уюмунун миссиясы 1999-жылкы согуштан кийин түзүлүп, 2008-жылга чейин өлкөнү камкордукка алган.

XS
SM
MD
LG