Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

БУУ сотунун чечими Косовонун эгемендигин колдоду


Косоволуктар БУУ сотунун чечимин АКШ, Британия, Косовонун туусун желбиретип майрамдашты. 22-июль, 2010-ж.
Косоволуктар БУУ сотунун чечимин АКШ, Британия, Косовонун туусун желбиретип майрамдашты. 22-июль, 2010-ж.

Улуттар уюмунун жогорку соту Косовонун өз көз карандысыздыгын жарыялаган декларациясы эл аралык мыйзамдарды бузган эмес деген бүтүмүн жарыялады. Бул чечим мыйзамдык күчкө ээ эмес, ошентсе да эл аралык эң жогорку соттун пикири Белград менен Приштинанын ортосундагы талаштын тагдырына таасир этиши мүмкүн.

Ошондой эле башка өлкөлөрдөгү сепаратисттик, же жикчил кыймылдарды шыктандырган документ болушу ажеп эмес.

Улуттар уюму алдындагы соттун чечими Косовонун тегерегиндеги талаш-тартышка көптөн бери көз салып келаткандар үчүн чоң жаңылык деле болгон жок. 2008-жылы Косово чөлкөмү бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялагандан бери анын жаңы статусун АКШ, Евробиримдикке кирген бир катар өлкөлөр баш болгон 70тей өлкө тааныды.

Дүйнөлүк соттун чечими мыйзамдык күчкө ээ болбосо да, анын эл аралык таасири бар экенин түшүнгөн косоволуктар чечимди өтө чоң кубануу менен тосуп алышты. “Косово үчүн бул чоң жеңиш. Биз абдан бактылуубуз. Дагы далай өлкөлөр Косовонун эгемендигин тааный деген үмүтүбүз жанды”, – дешет “Азаттыктын” кабарчысы менен Косовонун борбору Приштинада маектешкен жергиликтүү албандар.

Ошол эле маалда Сербиянын президенти Борис Тадич соттун чечимин биз башка жерде кайра каратабыз, - деп билдирди. “Соттун бүгүнкү чечимин Сербия күздө Улуттар уюмунун Генералдык ассамблеясына алып чыгат. Ошондо сербдер менен албандардын тарыхый талашы, чыр-чатагы сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керек деген туура тыянак чыгарылат” – деди Тадич.

Расмий Белград ошентип, Косово боюнча көз карашын өзгөртпөй турганын, Сербиянын аймактык бүтүндүгүн бузган бир тараптуу декларацияны тааныбай турганын кайталады.

Анткен менен, АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Филипп Кроули Белградды эл аралык соттун чечимин эске алууга үндөдү. “Бул чечим Косовонун статусунун тегерегиндеги суроолорго жооп берет. Азыркы тапта чөлкөмдүн коңшулары, анын ичинде Сербия да Косовонун эгемендигин таанып, аны менен жаңы мамилелер курууга өтүшү керек деп эсептейбиз”, - деп үндөй кетти Вашингтондун өкүлү.

Сербдер Косовону өзүлөрүнүн улут катары түптөлүп-өнүгүшүнүн башатында турган “алтын бешиги” деп эсептешет. Бирок серб армиясы менен Косоволук албандардын кандуу урушун токтотуш үчүн 1999-жылы НАТО кийлигишип, абадан сокку ургандан кийин расмий Белград чөлкөмдү колунан чыгарып ийгендей эле болгон.

Эл аралык күчтөр аралашкан аскердик операциялардан кийин Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин атайын резолюциясы менен Косоводо БУУга баш ийген башкаруу органы түзүлүп, документте бара-бара чөлкөмгө автономия берүү жана өз алдынча башкарууну киргизүү планы айтылган.

Улуттар уюму алдындагы сотто Косовонун бир тараптуу декларациясы эл аралык мыйзамдарды бузат деген пикирди Орусия, Кытай, Испания баш болгон ондон ашуун өлкө жактады.

Батыштык эксперттер Улуттар уюмунун сотунун чечиминен кийин дагы бир нече өлкө Косовонун көз карандысыздыгын таанышы мүмкүн, бирок өз аймагындагы сепаратисттик, жикчил кыймылдардан чочулаган Кытай, Орусия, Грузия, Испания өңдүү ондогон өлкөлөр андай кадамга эч убакта барбайт деп белгилешет.

1998-99-жылдары Косоволук албандар менен серб армиясы ортосунда тутанган кандуу согуш эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча, 12 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган. Жүз миңдеген киши үйлөрүн таштап башка жактан башкалкаа издөөгө аргасыз болгон.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG