Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:58

Тиллерсон: АКШ Македонияны колдоону уланта берет


АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон.
АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон 7-сентябрда Македония эгемендигинин 26 жылдыгы менен куттуктап, Вашингтон Скопьенин Евробиримдикке жана НАТОго мүчө болуу мүдөөсүн колдорун айтты.

- Кошмо Штаттар Македониянын досу жана стратегиялык өнөктөшү болгонуна сыймыктанат. 26 жылдан бери биз Македониянын Евробиримдикке жана НАТОго мүчө болуу мүдөөсүн колдоп келебиз. Биз жаңы өкмөттүн демократиялык принциптерди, мыйзамдын үстөмдүгүн жана аймактык кызматташууну жактап, сыйлаганын кубаттайбыз. Кошмо Штаттар Македониянын НАТОдогу өз ордун камсыздоого багытталган реформаларды өткөрүү аракеттерин колдоону уланта берет-деди Тиллерсон.

1-июнда өлкө башчылыгына келген премьер-министр Зоран Заевдин өкмөтү коңшулары менен алаканы жакшыртуу аркылуу өлкөнү Евробиримдикке жана НАТОго тезирээк киргизүү аракетин өздөп жатат. Скопье аталган уюмдарга кошулуу аракетине кедергисин тийгизип келген Греция менен Македониянын ортосундагы чек ара талашын да тезинен чечүү ниети бардыгын билдирип келет.

Македониянын 2,1 миллиондой калкынын 25 пайызын албандар түзөт. Өлкөдөгү этникалык улуттар ортосундагы чыңалуу мурдагы Югославиянын курамына кирген мамлекетти 2001-жылы жарандык согушка жакындаткан.

XS
SM
MD
LG