Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Төрт адам тирүүлөй күйүп кеткен жерден эки мүшөк кара куурай табылды


Ысык-Көлдө жол кырсыгынан өрттөнүп кеткен автоунаанын жанынан эки мүшөк кара куурай табылды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, окуя болгон жерге милиция барганда жалпы салмагы 20 килограммга жеткен эки мүшөк кара куурай табылган.

Бул факт Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, соттук- медициналык жана химиялык экспертиза дайындалды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, окуя бүгүн таңга жуук болгон. Балыкчы-Каракол унаа жолунун 112-чакырымында Кашат жана Григорьевка айылдарынын ортосунда “Лексус РХ-300” автомашинасы каңтарылып кетип, өрт чыккан. Ичиндеги төрт адам тирүүлөй өрттөнүп кеткен. Күбөлөрдүн айтымыныда, машина катуу ылдамдыкта келаткан. Кара куурай салынган мүшөктөр машина ала салып баратканда багаждан түшүп калган болушу мүмкүн экени айтылууда. (AsM)

XS
SM
MD
LG