Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:20

БУУ: Бангладешке агылган рохинжалардын саны 270 миңден ашты


Мьянмадагы зордук-зомбулуктан улам Бангладешке агылган рохинжа мусулмандарынын саны 270 миңге жетти.

Улуттар Уюмунун Качкындар агенттиги билдиргендей, соңку айда Мьянмада болгон зордук-зомбулуктан улам Бангладешке агылган рохинжа мусулмандарынын саны 270 миңге жетти.

Агенттиктин маалымат катчысы Вивиан Тан 8-сентябрда келтирген сандар мындан бир күн мурунку маалыматка караганда эки эсе көп экенин көрсөттү. Бир күн мурда агенттик 25-августтан бери Бангладешке өткөн качкындардын саны 164 миңдин тегерегинде экенин билдирген.

- Бул сандар тынчсызданууну жаратууда. Мьянмадагы кырдаал шашылыш түрдө чечилиши зарыл.

Мьянмадагы рохинжа мусулмандарына каршы зордук-зомбулук дүйнө коомчулугунун көңүл чордонунда кала берүүдө. Мусулман өлкөлөрү жаңжал боюнча БУУнун аракет көрүүсүн талап кылышарын айтышса, Мьянма бийлиги жаңжалды рохинжалар башташканын билдирүүдө.

Маалыматтарга караганда, 25-августта рохинжа козголоңчуларынын тобу Ракхайн аймагындагы полиция бөлүмүнө кол салгандан кийин тутанган кагылышуулардан кеминде 400 киши набыт болду.

Мьянма бийликтери рохинжа мусулмандары үйлөрдү өрттөп, карапайым адамдарды өлтүрүшкөн деп айыпташса, укук коргоочулар жана рохинжа өкүлдөрү армия аларды сүрүп чыгуу үчүн өзү өрт коюп, бейкүнөө тургундарды өлтүрүшкөнүн билдиришүүдө.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG