Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

Коопсуздук кеңеш шайлоого даярдыкты талкуулайт


Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү отурумунда президенттик шайлоого камылга жана аны өткөрүү аракеттери ортого салынат.

Өткөн аптада президент Алмазбек Атамбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы Жеңиш Разаковду кабыл алып, анда бүгүнкү жыйындын күн тартибине киргизилген маселелер каралган.

Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 10-сентябрда расмий башталды. Ушу кезге чейин Борбордук шайлоо комиссиясы 13 кишини каттап, талапкер макамын берген. Алар: Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков, Бакыт Төрөбаев, Эрнис Зарлыков, Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Токтайым Үмөталиева, Улукбек Кочкоров, Арсланбек Малиев, Таалатбек Масадыков, Камчыбек Ташиев жана Арстанбек Абдылдаев.

Үгүт иштери 34 күнгө созулуп, шайлоого бир күн калганда токтотулат. (NT)

XS
SM
MD
LG