Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Бүгүн президенттик шайлоого үгүт өнөктүгү башталды


Кыргызстанда президенттик кызматка ат салышып жаткан саясатчылар бүгүн, 10-сентябрда расмий түрдө үгүт өнөктүгүн баштады. Жер-жерлердеги жолугушуулар, жарнамалоо иштери 34 күнгө созулуп, шайлоодон бир күн мурда, тагыраак айтканда 14-октябрда токтотулат.

- Кыргыз Республикасынын президентин шайлоону даярдап-өткөрүү боюнча эң жооптуу, чоң этап - үгүт иштери башталды. Үгүт 14-октябрь күнү эртең мененки саат 8:00гө чейин жүргүзүлөт. Эми шайлоого 25 күн калганда шайлоо бюллетенинин формасы, тексти бекитилет. Ага канча киши кирет ошондо белгилүү болот. Ага чейин сот органдары же БШК каттоо тууралуу чечимин жокко чыгарышы же айрым талапкерлер өздөрү баш тартышы мүмкүн. Анын алдында талапкерлердин бюллеттендеги номурларын аныктоо боюнча чүчүкулак өткөзөт, - деди БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы 13 кишини каттап, талапкер макамын берген. Алар: Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков, Бакыт Төрөбаев, Эрнис Зарлыков, Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Токтайым Үмөталиева, Улукбек Кочкоров, Арсланбек Малиев, Таалатбек Масадыков, Камчыбек Ташиев жана Арстанбек Абдылдаев.

Боршайкомго президенттик жашырка катышуу ниетин билдирип жалпысынан 59 адам кайрылган. Айрымдары өз арызын кайтарып алса, кээ бирлери тийиштүү шарттардан өтпөй, талапкер болбой калышты.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (KЕ)

XS
SM
MD
LG