Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Мексика: зилзаланын курмандыктары 90го жетти


Жер титирөөдөн кийин көчөгө чыккан жарандар. Мехико, 7-сентябрь, 2017-жыл.
Жер титирөөдөн кийин көчөгө чыккан жарандар. Мехико, 7-сентябрь, 2017-жыл.

Мексиканын Ички иштер министрлигинин 10-сентябрдагы маалыматына караганда, өлкөнүн түштүк райондорундагы жер титирөөдөн каза тапкандардын саны токсонго жетти. Оахака штатында 71, Чьяпаста 15, Табаско штатында төрт киши зилзаланын курмандыгы болду.

Сейсмологдор билдиргендей, Тынч океандын жээгинде, Мексиканын Чьяпас штатындагы 7-сентябрдагы силкинүүнүн күчү 8,2 баллды түзгөн.

Жер титирөө кайталанып жаткандыктан жаратылыш кырсыгы болгон райондордун көптөгөн жашоочулары көчөлөрдө түнөп жатышат. АКШнын Геология кызматы аймакта 4,5 жана андан жогорку баллдагы 60ка жакын силкинүүнү каттаган.

XS
SM
MD
LG