Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Полиция Саакашвили токтогон мейманкананы курчоого алды


Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили "Леополис" меймканканасында.
Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили "Леополис" меймканканасында.

12-сентябрда Украинанын коопсуздук күчтөрү Львов шаарындагы Михаил Саакашвили токтогон мейманкананын кире беришин торошту.

Оппозициядагы "Жаңы күчтөрдүн кыймылы" партиясынын өкүлү Иван Слободняктын айтымында, полиция жана чек арачылар "Леополис" мейманканасына бүгүн эртең менен Саакашвилиге мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өткөнү тууралуу протокол тапшырганы келишкенин айтышкан.

Бул боюнча украин полициясы эч кандай маалымат берген жок. Түшкө маал мейманкананын жанына жоон топ журналисттер топтолушту.

Июль айында Украина жарандыгынан ажыратылган Саакашвили бир күн мурда Польшадан Украина аймагына мыйзамсыз өткөн.

Ички иштер министрлиги Саакашвилинин өлкөгө келишине байланыштуу "чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Саакашвили өзү БУУнун Качкындар иши боюнча комиссарлыгы тарабынан “жарандыгы” жок адам катары таанылганын жана украин бийлигинин аны жарандыктан ажыратуу чечимин сотто талаша турганын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG