Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

Театрлардын "Арт-Ордо" фестивалы башталды


Театрлардын "Арт-Ордо" фестивалы башталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:17 0:00

Бишкекте VI эл аралык “Арт-Ордо” театралдык фестивалы Ош мамлекеттик өзбек музыкалык-драма театрынын “Айкөл Манас” спектакли менен башталды. Фестивалга Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстандын театрлары катышып, көрүүчүлөр сынына он үч спектаклди тартуулашат. Катышуучулардын арасында Казакстандын Астанадагы мамлекеттик жаштар театры, Чыгыш Казакстандагы жаш көрүүчүлөр театры, Өзбекстандын Мукимий атындагы мамлекеттик академиялык музыкалуу театры, Тажикстандын Ато Мухаммеджанов атындагы мамлекеттик музыкалуу комедия театры жана Орусиянын Т.А.Миннуллин атындагы Нижнекамскидеги мамлекеттик драмалык татар театры бар.

XS
SM
MD
LG