Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:17

Орусия шаарларында бомба коюлганы тууралуу жалган маалыматтар түштү


Сургут шаарында аскерий формачана адамдар тинтүү жүргүзүү үчүн автоунааларды токтотуп жатканы кабарланды.
Сургут шаарында аскерий формачана адамдар тинтүү жүргүзүү үчүн автоунааларды токтотуп жатканы кабарланды.

11-12-сентябрь күндөрү Орусиянын бир нече шаарында полицияга бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн соң мектептерде, соода-жайларда, кинотеатр жана башка мекеме-жайларда адамдар коопсуз жактарга чыгарылды.

Тинтүү иштеринен кийин маалымат жалган экени аныкталган.

Бомба тууралуу маалыматтар Красноярск, Түштүк-Сахалинск, Владивосток, Пермь, Копейск жана Магадан шаарларындагы полиция кызматтарына түшкөнүн "Медиазона" интернет басылмасы жазды.

Пермь шаарынын бийлиги калаа боюнча бардык мектептерде сабактарды токтотуу чечимин кабыл алды. Сургут шаарында аскерий формачан адамдар тинтүү жүргүзүү үчүн автоунааларды токтотуп жатканы кабарланды. Расмий бийлик азырынча бул тууралуу эч кандай билдирүү жасай элек.

XS
SM
MD
LG