Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:26

Саакашвилиге чек араны мыйзамсыз өткөнү тууралуу протокол тапшырылды


Саакашвилинин чек арачылар келген кезде билдирүү жасап жаткан учуру. 12-сентябрь, 2017-жыл

Украинанын чек арачылары Одесса облусунун мурдагы губернатору, Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилиге мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өткөнү тууралуу протоколду тапшырышты.

Документ менен тааныштыруу 12-сентябрда Львов шаарындагы "Леополис" мейманканасынын жанында журналисттердин, Украина парламентинин депутаттарынын жана Саакашвилинин адвокаттарынын катышуусунда болду.

Саакашвили июль айында Украина жарандыгынан ажыратылган. Чет жакта жүргөн саясатчы 10-сентябрда Польшадан Украинанын аймагына тарапташтары менен бирге мыйзамсыз өтүп кеткен. Украинанын Ички иштер министрлиги чек араны мыйзамсыз бузганы боюнча кылмыш ишин козгоду. Шейшембиде Саакашвилиге каршы козголгон ишти өлкөнүн Коопсуздук кызматы териштирери белгилүү болду.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG