Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров 12-сентябрда тиешелүү органдардын жетекчилери менен жол коопсуздугун камсыздоо, жол тармагындагы реформа боюнча жыйын өткөрдү.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, анда Жумакадыров жол коопсуздугун камсыздоо боюнча аракеттерди жетишсиз деп сындап, киши өмүрүн алган кырсыктар көбөйүп жатканын белгиледи.
Эки жума мурун премьер-министр менен бул маселе талкууланып, тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилгени менен өз мөөнөтүндө аткарылбай жатканын айтты. Коюлган убакыт сентябрдын этегинде аягына чыгарын эскертип, жол кырсыктарын алдын алуу аракеттерин күчөтүүнү тапшырды.
Кыргызстан жол кырсыктары эң көп катталган өлкөлөрдүн бири. Патрулдук милиция башкармалыгынын билдиришинче, жыл башынан бери өлкөдө 2500дөн ашуун жол кырсыгы катталып, 300дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган, 3800дөн көбү түрдүү жараат алды.