Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Ооганстанда гуманитардык уюмдун кызматкери куткарылды


20-майда Кабулдагы бейөкмөт уюмдун кызматкерлери турган конок үйгө белгисиз адамдар кол салган.
20-майда Кабулдагы бейөкмөт уюмдун кызматкерлери турган конок үйгө белгисиз адамдар кол салган.

Ооганстанда ушул жылдын май айында уурдалган Финляндиянын жараны куткарылды. Бул тууралуу Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, куткарылган аял Operation Mercy деп аталган швециялык гуманитардык уюмдун Кабулдагы кеңсесинде иштечү. Аталган гуманитардык уюм да бул маалыматты өз сайтында ырастады.

Ооганстандын Ички иштер министрлиги маалымдагандай, 20-майда Кабулдагы бейөкмөт уюмдун кызматкерлери турган конок үйгө белгисиз адамдар кол салган. Анда Германиянын бир жараны мерт болуп, Финляндиянын жараны уурдалып кеткен.

Куткарылган аялдын саламаттыгы жакшы экени маалымдалды, ал азыр тиешелүү текшерүүдөн өтүп жатат. Ал эми аны ким уурдап, кай жакта кармашканы боюнча маалымат айтылган жок.

XS
SM
MD
LG