Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

Орусияны 2018-жылкы Олимпиададан четтетүү талап кылынды


Допингге каршы агенттиктери Орусияны 2018-жылы өтө турган кышкы Олимпиада оюндарынан четтетүүнү талап кылышты.
Допингге каршы агенттиктери Орусияны 2018-жылы өтө турган кышкы Олимпиада оюндарынан четтетүүнү талап кылышты.

17 мамлекеттин допингге каршы агенттиктери Орусияны 2018-жылы өтө турган кышкы Олимпиада оюндарынан четтетүүнү талап кылышты. Биргелешип жасаган билдирүүдө Орусиянын дүйнөлүк оюндарга катышуусу "олимп кыймылдарынын келечегине жана таза спортчулардын аброюна шек келтирет" деп жазылган. Билдирүүгө Британия, АКШ жана Канададынын Допингге каршы күрөшүү боюнча уюмдарынын башчылары кол коюшкан.

Алар ошондой эле Сочи-2014 Олимпиадасындагы мыйзам бузууларды иликтөө ушул күнгө чейин жыйынтыктала электигин, ал эми Орусия бул жаатта берген убадаларын аткарбай келатканын кошумчалашкан. Билдирүүнүн авторлору Эл аралык Олимпиада комитетин Орусияны допинг чуусу үчүн жазалоого чакырышты.

2014-жылы Дүйнөлүк допингге каршы агенттик Ричард Макларен башында турган көз карандысыз комиссиянын орус спортчу тууралуу баяндамасын жарыялаган. Анда орусиялык спортчулар бийликтин жана атайын кызматтардын колдоосу менен кызытма колдонуп жүрүшкөнү айтылган. Баяндама боюнча атайын иликтөөлөр жүргүзүлүп орус атлетчилери бир катар эл аралык таймаштардан, анын ичинде 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиададан да четтетилишкен.

XS
SM
MD
LG