Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Кыйноого шектелген милиция кызматкерлеринин соту болот


Чүй облусунун Москва райондук соту бүгүн кыйноого шектелген үч милиция кызматкеринин ишин карап, чечим чыгарат. Бул тууралуу “Эркиндик үнү” коомдук фондунан билдиришти.

Буга чейин Москва райондук соту аларды тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. Айыпталуучулардын адвокаттары буга макул болбой Чүй облустук сотуна, андан кийин Жогорку Сотко кайрылышкан. Эки сотто тең айыпталуучулардын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн эмес, үчөө тең камакта калган.

Москва райондук ички иштер башкармалыгынын кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн үч кызматкери 2015-жылдын 13-январында үч адамды эки күндөй мыйзамсыз кармап, кыйнаган деп айыпталууда. Ошол эле жылдын 3-апрелинде аларга Кылмыш кодексинин 305-1 (кыйноо) беренеси менен иш козголгон. Ички иштер министрлигинин чечими менен иштен убактылуу четтетилген, бирок эркиндикте жүргөн. Жабыркагандар күнөөлөнүп жаткан милиция кызматкерлери өздөрүнө басым жасап, арыздарынын баш тарттыруу үчүн коркутуп-үркүтүп жатат деп даттанышкан. Быйыл 6-апрелде Башкы прокуратуранын сунушунун негизинде, Москва райондук соту милиционерлердин баш коргоо чарасын өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкаттан камакка алууга өзгөрткөн. Учурда алар Бишкектин №1 тергөө абагында кармалууда. Милиционерлердин адвокаты Эркин Алымкулов болсо аларга жалаа жабылганын жана жабырлануучулардын үчөө тең мурда соттолгонун билдирип келет.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, кыйноолордун 96 пайызы милиция кызматкерлерине тиешелүү. (NT)

XS
SM
MD
LG