Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

Камактагы экс-депутат Садыр Жапаровго сотто акыркы сөз берилет


Садыр Жапаров сотто. 2-август, 2017-жыл.
Садыр Жапаров сотто. 2-август, 2017-жыл.

Саыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов билдиргендей, 14-сентябрдагы жараянда ишти карап жаткан Бишкек шаардык сотунун судьясы Жаңыл Мамбеталы айыпталуучуга акыркы сөз берүүнү чечкен. Бирок экс-депутат даяр эместигин билдирип, бүгүнкүгө чейин убакыт сураган, сот аны канааттандырган.

Кечээги териштирүүдө тараптардын жарыш сөзү болду. Башкы жабырлануучу, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы өкүлү Эмилбек Каптагаев сотту акыйкат чечим чыгарууга чакырды.

Садыр Жапаров өзүнүн күнөөсүз экенин кайталап, адвокаты тергөөдө анын күнөөсү далилденбеди деген негизде актоону өтүндү. Мамлекеттик айыптоочулар болсо Жапаровдуy айыбы далилденгенин айтып, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырууну сурап жатат.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 2-августта Садыр Жапаровду Кылмыш кодексинин 113 (адам өлтүрүүгө аракеттенүү), 341 (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү) жана 234 (бейбаштык) беренелери боюнча толук актап, 227 (бийлик өкүлүн барымтага алуу) беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан, аны он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Буга макул болбогон экс-депутат Садыр Жапаровдун адвокаттары жогорку инстанцияга даттанган. Доо арызды Бишкек шаардык соту 29-августтан тарта карай баштаган. (NT)

XS
SM
MD
LG