Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:49

Ош-Бишкек жолундагы кырсыктан алты кишинин өмүрү кыйылды


Бишкек-Ош жолундагы адам өмүрүн алган кырсыктардын. 20-июль, 2017-жыл.

Жол кырсыгы Бишкек-Ош автожолунун 480-чакырымында, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл аймагында 14-сентябрдын түнү болгон. “Ауди-100 C4”, “Ауди-100” жана “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү автоунаалар кагылышкан.

“Ауди-100” үлгүсүндөгү машинедеги беш адам окуя катталган жерде, бирөө ооруканада каза тапты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, каза болгондордун сөөктөрү Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын моргуна жеткирилген.

“Хундай-Портердиин” ичиндеги бир киши жаракат алып Шамалды-Сай шаардык ооруканасына түшкөн.

Кыргызстан жол кырсыктары эң көп катталган өлкөлөрдүн бири. Патрулдук милиция башкармалыгынын билдиришинче, жыл башынан бери өлкөдө 2500дөн ашуун жол кырсыгы катталып, 300дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган, 3800дөн көбү түрдүү жараат алды.​

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG