Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Депутат Матраимов учактагы окуя боюнча айыптоолорду четке кагууда


Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов анын айынан 14-сентябрда Бишкек-Ош каттамы боюнча учак бир саат кармалып учту деген маалыматты четке кагууда.

Бүгүн “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып ал чынында эле ошол каттам менен Ошко барганын айтып, кимдир-бирөөлөр атайын каралоо аракетин көрүп жатышы мүмкүн деген ою менен бөлүштү:

- Биринчиден, мен 15 жылдан бери арак ичпейм, тамеки да чекпейм. 40 мүнөт калганда каттоого келгем. Депутат Жыргалбек Калмаматов экөөбүз чогуу учуп келдик. Саатты карап, самолет кеч калып жатат деп беркилерден сурасак “техникалык себептер” деп коюшту. Бир убакта “самолет учуп жатат, чыккыла” дешти. Барсак, автобус алдыда турган экен. Эл менен чогуу чыктык.

Бүгүн интернеттеги социалдык түйүндөрдө “Матраимовдун айынан 19:45те уча турган учак бир саат кеч чыкты. Ал мас болуп келди. Самолеттун ичинде жаш балдар курсагы ачып, ыйлап жатышты” деген жазуу менен маалымат учактын салонунда биринчи катарда отурган адамдын капталынан тартылган сүрөтү менен коштолуп чыкты.

Матраимов ал сүрөттө өзү экенин танбайт.

Ошондой эле ал “Азаттыкка” “Манас” аэропортунун видеокөзөмөл тасмасын жөнөттү.Анда ал каттоодон 19:26да өткөнү көрүнүп турат.

“Азаттык” ошол каттамды аткарган «TEZ JET» авиакомпаниясы менен да байланышты. Анын өкүлү, өзүн Мээрим деп тааныштырган кызматкер “Ооба, 26 мүнөт кармалып учтук. Бирок буга учакты тазалоо зарылчылыгы себеп болду. Жүргүнчүлөр баары тең каттоодон кечикпей өтүшкөн” деп билдирди.

Ал “Учар алдында учакты тазалоо зарылчылыгы дайыма пайда болуп турабы?» деген суроого “Жок. Төрт жылдан бери биринчи жолу” деп жооп берди.

Искендер Матраимов КСДП фракциясынан депутат. Шаршемби күнү ал парламенттин трибунасынан сүйлөп, "Республика Ата-Журт" партиясынын депутаттары менен лидери Өмүрбек Бабановдун Кара-Суудагы шайлоо жараянындагы мыйзам бузуулар үчүн айыптоолорун четке кагып сөз сүйлөгөн.

"Республикачылар" бул шайлоо жараяны ыплас өткөнүн жарыялап, фракция депутаты Мирлан Жээнчороев: "Урматтуу Матраимовдор, президент менен, КСДП менен жамынбагыла" деп айткан.

БШКнын маалыматына караганда, 3-сентябрда Кара-Суу шаардык кеңешине өткөн жарышта 3762 добуш менен Социал-демократтар партиясы алдыга чыкты.

Бул шайлоо өнөктүгүндөгү мыйзам бузуулар тууралу маселе өлкөнүн Коопсуздук кеңешинде да талкууланган. (RK)

XS
SM
MD
LG