Линктер

жума, 17-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:52

Бүгүн Бишкекте чехиялык “Лигласс Трейдинг” компаниясынын өкүлдөрү журналисттерге маалымат жыйын курары жарыяланды.

Аталган компаниянын Орусиянын “РусГидро” ишканасына 37 миллион доллар төлөп берүү мөөнөтү 19-сентябрда аяктайт. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, акча эртеңге чейин "Электр станциялары" ишканасында ачылган эсепке түшүшү керек.

Быйыл июлда чехиялык “Лигласс Трейдинг” компаниясы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана он чакан ГЭСти куруу боюнча сынактан утуп алган. Келишимге 10-июлда Бишкекте кыргыз өкмөтү менен аталган компания өкүлдөрү президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда кол коюшкан. Кийинчерээк чехиялык басылмалар ал ишкананын ишмердигинен шек санаган макалаларды жазышкан. Кыргыз өкмөтү аталган компания келишимди аткарарына ишеним арткан билдирүүлөрдү таратып келет.

Премьер-министр Сапар Исаков 25-августта парламентте сүйлөп жатып "эгерде чехиялык компания менен келишим ишке ашпай калса, Кыргызстан зыян тартпайт, бирок андан чыгат" деп айткан.

2012-жылы Кыргызстан жана Орусия Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон эле. Ага ылайык, Орусиянын "РусГидро" компаниясы аталган эки энергетикалык объектти курмак. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурагандыктан, 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган. Буга байланыштуу Кыргызстан Орусияга 37 миллион доллар бересе болуп калган.

Сентябрдын башында Орусиянын “РусГидро” компаниясы курулушка сарпталды делген 37 миллион долларды Кыргызстандан өндүрүп алуу үчүн эл аралык арбитражга кайрылууну көздөп жатканын жарыялады. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG