Дүйнө лидерлери Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн Нью-Йоркко чогулууда. 18-сентябрда баштала турган жыйында көпчүлүктүн көңүлү АКШ президенти Дональд Трампка бурулганы турат. Ал уюмга мүчө 193 мамлекеттин өкүлдөрүнүн алдында биринчи жолу сөз сүйлөйт. Быйыл 72-жолу өтө турган жыйынга француз президенти Эммануэл Макрон да алгач ирет катышмакчы.
Нью-Йоркко келбей турган дүйнө лидерлеринин арасында орус президенти Владимир Путин жана немис канцлери Ангела Меркел бар. Жыл башында ишке киришкен уюмдун баш катчысы Антониу Гуттериш да быйыл биринчи жолу жалпы жыйынга катышат.
Башкы ассамблеянын бул жолку жыйынында Түндүк Кореянын өзөктүк жана баллистикалык ракеталар программасы башкы тема болот деп күтүлүүдө.
БУУнун жылдык жыйынына Кыргызстандан президент Алмазбек Атамбаев баштаган делегация катышат.