Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Ташкентте кыргыз-өзбек бизнес-форуму өтөт


Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекети ачылгандан кийин. 6-сентябрь, 2017-жыл.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекети ачылгандан кийин. 6-сентябрь, 2017-жыл.

Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияны өнүктүрүү жана экспорт агенттиги билдиргендей, "Өзбекстан-Кыргызстан-2017" деп аталган бизнес-форумун 5-6-октябрда Ташкентте өткөрүү белгиленген. Аны менен кошо көргөзмө да болот.

Бул иш-чаралар президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында уюштурулат. Аталган мекеме кошумчалагандай, эки өлкө ортосундагы мындай иш-чара биринчи жолу өтө турган болууда. Ага Өзбекстандын Ташкент шаары жана ага жакын облустарынан көп катышуучу келери күтүлүп жатат.

Бизнес-форумда Кыргызстан менен Өзбекстандын экономикалык, ишкердик, соода-сатык тармактарындагы кызматташтыгы талкууланат. Көргөзмөдө Кыргызстанда өндүрүлгөн азык-түлүк, айыл чарба азыктары, машина тетиктери, жабдыктары, маалымат технологиялары жана телекоммуникация, курулуш материалдары, жеңил өнөр жай, кол өнөрчүлөрдүн буюм-тайымдары, спирт продукциялары, тоо-кен өнөр жайы коюлат.

Быйыл 6-сентябрда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга эки күндүк мамлекеттик сапар менен келип, кыргыз-өзбек кызматташтыгы тууралуу документтерге кол коюлган.

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаевдин да Өзбекстанга барары айтылган.

Бишкек менен Ташкенттин ортосундагы бир канча жылдай сууп турган мамиле Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин, 2016-жылдын соңунан тарта жакшы нукка түшө баштаган. (NT)

XS
SM
MD
LG