Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Трамп: БУУнун ишине бюрократия тоскоол болууда


Президент Дональд Трамп БУУнун Нью-Йоркттогу имаратында, 18-сентябрь
Президент Дональд Трамп БУУнун Нью-Йоркттогу имаратында, 18-сентябрь

АКШнын президенти Дональд Трамп Бириккен Улуттар Уюму өз мүмкүнчүлүгүн толук колдоно албай жатканын билдирди. Ал уюмдун Нью-Йорктогу баш кеңсесиндеги дүйшөмбүдөгү иш-чарада буга бюрократия жана туура эмес башкаруу себеп болуп жатканын айтты. Ошондой эле БУУнун баш катчысынын уюмдун ишин жакшыртуу багытындагы аракеттерин кубаттады.

Дүйнөлүк уюмга эң көп акча берген Американын президенти Дональд Трамп Бириккен Улуттар Уюмунда реформалар жана өзгөрүүлөр жасалышын талап кылаарын жыл башында эле билдирген. Расмий Вашингтон АКШнын уюмга бөлгөн каражаттарын кыскартышы мүмкүндүгүн да ишара кылган.

Президент Трамп шейшемби күнү 193 мамлекет мүчө болгон Башкы ассамблеянын жыйынында да биринчи жолу сөз сүйлөгөнү жатат.

Бул жолку жыйында уюмду реформалоону жактаган резолюция долбоору да талкууланат деп күтүлүүдө. Ага 120дай өлкөнүн лидерлери кол койгон.

XS
SM
MD
LG