Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:15

Орусия менен Кытай БУУ боюнча декларацияга кол коюудан баш тартты


БУУ реформасы боюнча жыйындын катышуучулары. Нью-Йорк, 18-сентябрь, 2017-жыл.
БУУ реформасы боюнча жыйындын катышуучулары. Нью-Йорк, 18-сентябрь, 2017-жыл.

Орусия менен Кытай БУУну реформалоо боюнча 128 мамлекет кол койгон декларацияга кол коюудан баш тартты. Глобалдык кризистерди чечүүдөгү Улуттар Уюмунун эффективдүүлүгүн арттыруу максатында реформа жасоону АКШ сунуштаган.

Орус расмийлери бюрократияны азайтууну колдой тургандыктарын, бирок дүйнөлүк уюмдагы кандай гана өзгөрүүлөр болбосун АКШ гана иштеп чыккан декларация менен таңууланбай, мүчө өлкөлөр менен талкууланышы керектигин билдиришти.

"Баарыбыз эле Улуттар Уюмунун эл аралык аренадагы ордунун бекемделишин кубаттайбыз. Бирок, уюм олуттуу реформаларга муктаж эмес" деди Орусиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензя ТАСС агенттигине.

Башкы Ассамблеянын алдындагы сөзүндө АКШ президенти Дональд Трамп дүйнөлүк органды "бюрократия жана чарбасыздыктын айынан өз потенциалына толук жеткен жок" деп сындаган.

БУУ башкатчысы Антонио Гутерреш буга жооп кайтарып, кагаз иштеринин көптүгүн мойнуна алган.

XS
SM
MD
LG