Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Түркмөнстан: Кыргызстандын эсебине үч күмүш жана алты коло медал кошулду


Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өтүп жаткан жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндарында кечээ, 19-сентябрда Кыргызстандын спортчулары жеңил атлетика жана бел боо күрөшүнүн эркин стилинен үч күмүш, алты коло медалга ээ болушту. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка караганда, күмүш байгелерди жабык имаратта кыз-келиндер арасында 1500 метрге чуркаган жеңил атлетчи Гүлшаной Сатарова, бел боо күрөшүнүн эркин стилинен Руслан Табалдиев (-80 кг) жана Алтынай Мамарасул кызы (+70 кг) алды. Коло байгелерди күрөштүн ушул эле түрүнөн Ильяз Нишанов (+100 кг), Кадыр Келсинбеков (-100 кг), Назира Арзыбекова (+70 кг), Анара Рыскулова (-55 кг), Уулкан Алибай кызы (-65 кг) жана кыз-келиндер арасында 1500 метр аралыкка чуркоодо Арина Клешчукова алды.

19-сентябрда болгон төртүнчү мелдеш күнүнүн жыйынтыгында Кыргызстандын эсебине 17 медал чогулду. Азырынча медал алган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан бир алтын, алты күмүш жана 10 коло менен 13-катарда бара жатат.

Кыргыз спортчулары алган байгелер спорттун жиу-житсу, түркмөн күрөшү, жеңил атлетика жана бел боо күрөшүнөн. Бүгүн, 20-сентябрда бел боо күрөшүнүн классикалык түрүнөн, өзбек күрөшүнөн (кураш), таэквондо, бильярд, тай боксу, вело жарыш жана оор атлетикадан байгелер ойнотулат. 17-сентябрда башталган жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндары 27-сентябрга чейин уланат. Ага 62 өлкөдөн жана качкындар командасынан спортчулар катышууда. Кыргызстандан спорттун 17 түрүнөн 153 спортчу мелдештерге катышат. (ECh)

XS
SM
MD
LG