Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу тендерде утуп алган чехиялык "Лигласс Трейдинг" компаниясы Кыргызстан мыйзам боюнча кепилдик төлөмдү кайтарып бериши керек деп билдирди. Аталган компаниянын "Азаттык" радиосуна жиберген катында, инвестициялык келишимге ылайык, бардык талаш-тартыштар Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде чечилери айтылган:
- "Инвестициялар жөнүндөгү" мыйзамдын 18-беренесине ылайык инвестор эл аралык арбитражга кайрылууга укуктуу. Кыргыз өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-мартындагы 175-номурлуу токтому боюнча Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети тендердин жеңүүчүсү жарыялангандан тартып 30 банктык күндүн аралыгында кепилдик төлөмдү кайтарып берүүгө милдеттүү. Тендерге катышуу үчүн берилген топтом кайтарылбайт, бирок кепилдик төлөм кайтарылышы керек. "Лигласс Трейдинг" компаниясы 1 147 720 долларды кепилдик төлөм катары, ал эми 2 000 000 сомду сынакка катышуу үчүн топтом катары берген, - деп жазылган анда.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Улан Рыскулов болсо чехиялык компания өз милдеттерин аткарбаганын белгиледи:
- Булар кепилдик төлөмдү бизге которгон. Бирок алардын моюнга алган милдеттери бар. 37 миллион долларды которобуз деген. Топтом башка, ал тендерди өткөрүүгө, жарыя бергенге кетет. Кепилдик төлөм башка. Келишимди эмнеге жокко чыгардык? Алар 37 миллион долларды төлөшү керек болчу да. Биз аларга "убакыт бүтүп атат, милдеттенмени аткаргыла" деп кат жазганбыз. Бирок аткарышкан жок. Эл аралык сотко кайрылабыз десе кайрылышсын.
20-сентябрда чехиялык компания кепилдик үчүн төлөгөн 1 миллион 147 миң долларды Кыргызстан мыйзамсыз кармап отурганын, ал сумма 11-августка чейин эле кайтарылып берилиши керектигин жарыялаган. Ага жооп катары вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев "Лигласс Трейдинг" компаниясынын "сотко бергенге акысы бар, бирок акчаны ала албайт" деп билдирген.
Кыргызстан "Лигласс Трейдинг" компаниясы менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу келишимге быйыл 11-июлда кол койгон. Сынакка катышуу үчүн кепилдик төлөм катары компания 1 миллион 147 миң доллар которгону айтылган.
Макулдашууга ылайык, чех компаниясы 30 банктык күндүн ичинде Нарын ГЭСтер каскадындагы алгачкы курулуш иштерин жүргүзгөн орусиялык "РусГидро" компаниясына 37 миллион долларды төлөө милдеттенмесин алганын өкмөт жарыялаган. Бирок келишимге кол коюлган алгачкы күндөн тарта эле Liglass'тын ГЭС курууга тажрыйбасы жана кудурети жок экени тууралуу адегенде чех басма сөзүндө, андан соң Кыргызстанда байма-бай айтыла баштаган. Бийлик мындай маалыматтарды четке кагып, компанияга ишенерин билдирип келген.
18-сентябрда, "РусГидрого" карызды төлөө мөөнөтү бүтөрүнө бир күн калганда Liglass Trading компаниясынын жетекчилери Бишкекке келип маалымат жыйын курушуп, каржылык жактан кыйын абалга кептелгенин билдиришкен. Буга Кыргызстандагы айрым саясатчылардын каралоосу себеп болгонун белгилешип, келишимди аткаруу үчүн кыргыз өкмөтүнөн жеңилдик да сураган. Өкмөт чех өнөктөштөрүнүн мындай суранычын аткарбай келишимди бир тараптуу жокко чыгарган. (NT)