Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:07

Атамбаев Гутеррешти “Достук” ордени менен сыйлады


Антониу Гуттереш Бишкектеги сапарында. "Таза коом" долбоору боюнча жыйында. 11-июнь, 2017-жыл.
Антониу Гуттереш Бишкектеги сапарында. "Таза коом" долбоору боюнча жыйында. 11-июнь, 2017-жыл.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, 20-сентябрда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев АКШдагы сапарынын жүрүшүндө Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш менен жолугушту. Анда Атамбаев Кыргызстан менен БУУнун ортосунда кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн Гутеррешке “Достук” орденин тапшырды. БУУга жана баш катчынын өзүнө өлкөгө колдоо көрсөтүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Антониу Гутерреш дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө мисал боло алган өлкө менен мамилени БУУ жогору бааларын, Кыргызстандын ак илбирсти сактоо боюнча дүйнөлүк форум өткөрүү жана “Таза коом” улуттук программасы сыяктуу демилгелерин белгиледи.

Атамбаев АКШга БУУнун Нью-Йоркто өтүп жаткан Башкы ассамблеясынын жыйынына катышууда. Жалпы саясий дебаттарда 20-сентябрда сөз алып, президенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүүгө “саясий эрк бар” деп ырастап, кыргызстандыктарга кайрылуу да жасады.

Аймактык проблемалардан суу маселесин көтөрүп, Кыргызстандын аймагында, дарыялардын жанында совет доорунан калган, уран калдыктары көмүлгөн жайлар бардыгын эске салды. Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясына кызмат мөөнөтү аяктап калган Алмазбек Атамбаев акыркы алты жыл ичинде алгачкы ирет катышты. (NT)

XS
SM
MD
LG