Линктер

шейшемби, 24-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:57

БШК: жашы жете электерди үгүт иштерине тартууга болбойт


Талас облусунун Манас району. 21-сентябрь, 2017-жыл.

Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарына ылайык, жашы жете электерди үгүт иштерине тартууга тыюу салынат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Талас облусунда окуучулардын талапкерлердин бири менен жолугушууга тартылышы боюнча "Азаттык" радиосуна комментарий берген учурда билдирди. Анын айтымында, БШКга балдарды үгүттөөгө тарткан фактылар жөнүндө маалымат түшкөн эмес:

- Жашы жете электер үгүт иштерине катышпашы керек. Бизге андай маалымат түшө элек. Мыйзам боюнча 18 жашка чейинки жарандардын үгүт жүргүзүүгө укугу жок. Ал эми ата-энелеринин уруксаты менен сүрөткө түшүп, фон жаратса болот.

Бүгүн КСДПдан президенттик кызматка талапкер Сооронбай Жээнбековдун Талас облусунун Манас районундагы жолугушуусуна келген элдин арасында мектеп окуучулары да жүргөнүн "Азаттык" радиосунун аймактык кабарчысы маалымдаган. Балдардын бир тобу "Сооронбай Жээнбеков" деп жазылган желектерди кармап жүргөнү сүрөткө тартылган. Райондогу "Улукман" лицейинин жогорку классынын окуучуларынын айрымдары окуу жайдын директору "Сооронбай Жээнбековдун концертине баргыла" деп сабактан бошотконун айтышкан.

Ал эми Манас райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Замир Маркашов окуучулардын жыйынга келгенин алардын концерт көрүү максаты менен байланыштырган. Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы бул боюнча комментарий бере элек. ​(NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG