Линктер

дүйшөмбү, 23-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:18

Шайлоо алдындагы административдик кысымга каршы акция өтөт


"Биз коркпойбуз" деген аталыштагы флеш-моб. Бишкек. 17-сентябрь, 2017-жыл.

Бүгүн Бишкекте жарандык активисттер, саясий партиялардын жаштар канатынын өкүлдөрү, студенттердин катышуусунда административдик кысымга каршы акция өткөрөт. Уюштуруучулардын бири Ренат Самудиновдун “Азаттык” радиосуна кабарлашынча, акциянын алкагында окуу жайларды кыдырып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

- Биз кичи автобус менен окуу жайларды кыдарабыз. Университеттерде ар кандай администрациялык ресурс колдонуп шайлоо мыйзамын бузуп жатышканын угуудабыз. Ошого каршы эскертип, талаптарды коюп, административдик ресурсту колдонуунун кесепеттерин белгилеген кайрылууну калтырабыз. Студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз.

Жаш активисттер жана студенттер 17-сентябрда ушундай эле максатта "Биз коркпойбуз" деп аталган флеш-моб уюштурушкан.

Кыргызстанда шайлоо 15-октябрга белгиленген. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG