Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Активисттер студенттерди басымдан коркпоого чакырышты


Активисттер Бишкек гуманитардык университетинде. 22-сентябрь, 2017-жыл.
Активисттер Бишкек гуманитардык университетинде. 22-сентябрь, 2017-жыл.

Бишкекте бүгүн жарандык активисттер Жогорку окуу жайларын кыдырышып, алдыдагы президенттик шайлоого байланыштуу студенттерди администрациялык ресурстан коркпоого, ага алдырбоого чакырышты. 20 чакты кишиден турган активисттер тобу "Биз коркпойбуз!", "Студенттер, юристтер, ойгонгула!", "Администрациялык ресурска жол жок!" деген жазууларды көтөрүп жүрүштү. Жаштарга жетекчилик тараптан кысым болгон учурда эмне кылуунун жол-жоболорун айтышты. Ушул тапта окуу жайларды кыдыруу уланууда. Акцияны уюштурган жарандык активисттердин бири Ренат Самудинов шайлоону утурлай студенттерге басым көрсөтүү фактылары орун алып жатканын билдирди:

- Студенттерге администрациялык ресурс колдонулуп жатканы тууралуу бизге маалыматтар түшүп атат. Жалпы эл деле көрүп атышат. Ошондуктан биз жаштарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында акция уюштурдук. Ошондой эле Жогорку окуу жайлардын жетекчилерине студенттердин эркин шайлоо укугун чектебегиле деген талап жазылган кайрылуу таштайбыз.

17-сентябрда Бишкекте "Биз коркпойбуз" деп аталган флеш-моб өтүп, ага борбор калаанын окуу жайларында окуган 100дөй студент катышкан. Алар окуу жайлардагы ректорат, мугалимдер студенттерди бийликтин талапкерине добуш берүүгө мажбурлап жатат деп нааразылык билдиришкен. ​Өткөн аптада Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиядагы куратор студенттерди кайсы бир талапкерге добушун берүүгө үгүттөп жатат деген тасма интернетке тарап, аны прокуратура териштирмей болгон. ​

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы администрациялык ресурс колдонулуп жатканы боюнча бир нече студенттин арызын караган, бирок алар билим алган окуу жайларда мыйзам бузууларды тапкан эмес. (NT)

XS
SM
MD
LG