Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:01

Бүгүн Германияда парламенттик шайлоо болот


Ангела Меркел.
Ангела Меркел.

Германияда Бундестагга шайлоонун алдында канцлер Ангела Меркел партиялаштарына кайрылып, өз тандоосу тууралуу чечим кабыл ала элек шайлоочуларга таасир этүү аракетин көрүүгө чакырды. Ал 23-сентябрда Берлинде Христиан-демократиялык союзунун (ХДС) жаш активисттери менен жолукту. Меркел шайлоочуларга үй-бүлөнү коргоону, салыктарды жогорулатпоону убада кылып, ортоңку класс үчүн салык төмөндөй турганын белгиледи.

Меркел ХДСтин саясаты Германиядагы көп түрдүү маданиятты жана диалектти колдоо экенин айтып, бул Германияны күчтүү кылып келе жатканын кошумчалады.

Шайлоо алдында Германиянын Социал-демократиялык партиясынан канцлерликке талапкер Мартин Шульц атаандашы Ангела Меркелди кескин сындап чыкты. Ал азыркы канцлердин “өз идеясы жок болгону аз келгенсип, келечекке карай пландары да жок” – деп билдирди. Шульц бул сөздөрдү Ахенде айтып, Германия келечекти социалдык саясатты туу тутуп кура турганын жарыялады.

Акыркы сурамжылоого ылайык ХДСтин рейтинги 34 пайызды түзсө, Социал-демократиялык партиясын 21 пайыз шайлоочу колдоого даяр. Ал эми оңчул-популисттик “Германия үчүн альтернатива” партиясын 13 пайыз, Жашылдарды 8 пайыз шайлоочу сүрөй турганы маалым болду. (SDz)

XS
SM
MD
LG