Линктер

бейшемби, 19-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:50

АКШ Түндүк Кореяга согуш жарыялабаганын билдирди


Түндүк Кореянын баллистикалык ракеталарынын бири

"Биз Түндүк Кореяга согуш жарыялаган жокпуз. Чынын айтканда, андай ой-жорум абсурд", - деди 26-сентябрда АКШ президентинин маалымат катчысы Сара Сандерс.

24-сентябрда Дональд Трамп эгер коркутууларын ишке ашыра турган болсо Пхеньяндагы режим "көпкө турбасын" Твиттерге жазган болчу. Эртеси БУУнун Башкы Ассамблеясында жүргөн Түндүк Корея тышкы иштер министри муну "согуш ачуу" деп баалап жиберген.

"Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясына катышып аткан бардык мүчө өлкөлөр жана дүйнө жүзү дал Кошмо Штаттары бизге биринчи согуш ачканын эсине түйүшү керек", - деген эле министр Ли Ён Хо.

Ал ошондой эле аба мейкиндигине жакындаган америкалык аскер учактары атыларын да эскерткен. Андан мурда АКШ аскер учактары демонстративдүү түрдө Түндүк Кореянын аба мейкиндигине жакын учканы кабарланган.

Түндүк Корея дүйнө өлкөлөрүнүн чакырыктары, Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин санкцияларына карабай, акыркы убакта баллистикалык ракета сыноолорун күчөттү. 3-сентябрда болсо cуутек бомбасын сынаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG