Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:35

Түркия күрт референдумун атайын саммитте талкуулоого чакырды


Түрк премьер-министри Бинали Йылдырым
Түрк премьер-министри Бинали Йылдырым

Түркия ирактык күрттөрдүн көз карандысыздык боюнча референдумуна кандай жооп кайтаруу керектигин талкуулоо үчүн Иран менен Иран лидерлерин атайын саммитке чакырды. Бул тууралуу түрк премьер-министри Бинали Йылдырым 28-сентябрда журналисттерге билдирди.

"Биз жакын арада кадамдарыбызды координациялоо үчүн чогулганы турабыз. Биз үч тараптуу саммитти көздөп турабыз", - деди Йылдырым.

Ирактын түндүгүндөгү Күрт автоном аймагы 25-сентябрда референдум өткөрүп, анда 5 миллионго чукул шайлоочунун 92 пайызы көз карандысыздыкты колдоп добуш беришкен. Референдумга расмий Багдаддан тышкары күрт азчылыктары көп жашаган Иран менен Түркия каршы болуп келген.

Түркия референдумга жооп катары Күртстандан келген мунай куурларын бууп салуу, чек араларды жабуу сыяктуу чараларды караштырып жатканын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG