Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

АКШ Күртстан өлкөсүн түзүү боюнча референдум жыйынтыгын четке какты


Күрттөр референдумдун жыйынтыгын майрамдап жатышат. Ирак, Эрбиль, 25-сентябрда, 2017-жыл.
Күрттөр референдумдун жыйынтыгын майрамдап жатышат. Ирак, Эрбиль, 25-сентябрда, 2017-жыл.

Кошмо штаттар Ирактын түндүгүндө Күртстан автономиясынын аймагында көз карандысыз өлкө түзүү сунушу колдоо тапкан референдумду мыйзамсыз деп атады.

"АКШ бир жактуу референдумду тааныбайт,- деди мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон.

Анын айтымында, добуш берүүнүн өзү жана анын жыйынтыгы мыйзамсыз. "Биз бирдиктүү, федералдуу, демократиялык жана өнүккөн Иракты колдоону улантабыз" деп кошумчалады Тиллерсон. Ошондой эле Ирактын бийлигин жана күрт автономия жетекчилигин күч колдонуудан алыс болууга, маселени диалог менен чечүүгө, болгон аракеттерди өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топко каршы колдонууга чакырды.

29-сентябрда Ирактын өкмөтү Күртстандын аймагындагы аэропортторго эл аралык учактардын конуусуна тыюу салган. Ирак армиясы Түркия жана Ирандын чек арасындагы бекеттерди өз көзөмөлүнө алууга аракеттенүүдө. Ирак бийлиги мындан тышкары аймактагы мунай чыккан Киркук шаарында аскер жибере турганын айтты. Бул шаарды Ирак армиясы 2014-жылы экстремисттердин чабуулунан кооптонуп чыгып кеткенден кийин, күрт отряддары басып алган.

Күрттөрдүн өкүлдөрү федералдык бийликтин аракетин мыйзамсыз деп баалап, колдоо сурап эл аралык коомчулукка кайрылды.

XS
SM
MD
LG