Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

УКМК: Исаев бийликти күч менен басып алууга камынуу фактысы боюнча кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат Канат Исаев кармалганын кабарлады. Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, депутат менен кошо уюшкан кылмыштуу топко мүчө деген айрым адамдар да кармалган:

- 2017-жылдын 30-сентябрында массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү фактысы боюнча Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында депутат Исаев Канатбек Кедейканович, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун айрым мүчөлөрү кармалды. Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, Исаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун жигердүү колдоочусу болуп туруп, уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, массалык башаламандыктарды уюштуруп, андан соң бийликти күч менен басып алуу максатында атайын жаш балдарга акча таратып, чогултуп жана даярдап жаткан. Алардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да бар жана алар шайлоо учурунда, ошондой эле добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын бурмалаган деген шылтоо менен андан кийин мыйзамга каршы акцияларга катышуу үчүн колдонулмак.

Сулайманов кошумчалагандай, топтолгон материалдарга ылайык Канатбек Исаев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын бергени аныкталды. Муну менен катар бийликти курал колдонуу менен басып алуу жана өлкөдөгү кырдаалды дестабилдештирүү мүмкүнчүлүктөрү да каралган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Исаевге кылмыш иши козголгонун буга чейин Башкы прокуратура кабарлап, материалдар УКМКнын Тергөө башкармалыгына жиберилгенин айткан.

Андан кийин интернеттеги Youtube каналында "Канат Исаев даярдык үчүн миллион берип жатат", "Криминалдын бийликти басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрү (Бабанов-президент, Исаев-спикер, Төрөбаев-премьер-министр)", "Канат Исаев бийликти басып алуу үчүн криминал даярдады" деп аталган үч видео тасма тарады. Канат Исаевдин жакын санаалаштары жана "Кыргызстан" партиясы анын кармалышы тууралуу комментарий бере элек. (NT)

XS
SM
MD
LG