Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Канатбек Исаев 48 саатка камалды


Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

"Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген шек менен 30-сентябрда кармалган парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат Канатбек Исаев 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча комитетинен "Азаттык" радиосуна билдиришти.

Мыйзамга ылайык, 48 саат аралыгында анын баш коргоо чарасы аныкталууга тийиш. Исаев УКМКнын Тергөө абагына камалган.

Депутат 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өзү колдогон талапкер Өмүрбек Бабанов утпай калса, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга жана төңкөрүш уюштурууга аракеттенген деген шек менен 30-сентябрда кармалган. УКМК аны менен кошо уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да кармалганын кабарлаган.

Канатбек Исаев жетектеген "Кыргызстан" партиясы жана ал мүчө болгон парламенттеги фракция, ошондой эле адвокаттары анын кармалышы боюнча комментарий бере элек.

Бүгүн президенттикке талапкер, Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов Бишкекте маалымат жыйынын куруп, Канатбек Исаевдин камакка алынышын депутаттын өзүн колдогону менен байланыштырды.

Исаевди өзү жетектеген "Кыргызстан" партиясы быйыл президенттик кызматка талапкер катары көрсөтүп, бирок БШКнын каттоосунан өтпөй калган.

Быйыл май айында УКМК Канатбек Исаевге Токмок шаарынын мэри болуп турган кезде мыйзам бузууларга барган деген негизде Кылмыш кодексинин 303-беренесинин (коррупция) боюнча эки айып тагып, учурда соту уланууда.

Депутат өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, кылмыш ишин козгоого эч кандай негиз жоктугун билдирген. 30-июнда Канатбек Исаевге байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия ага карата кылмыш иши мыйзамсыз козголгон деген бүтүмүн жарыялаган. (NT)

XS
SM
MD
LG